Садыр Жапаров Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт

24 мая 2021, 17:00

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Сочи шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Орусиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, Евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле аймактык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагында талкуулашат.