Дыйкандар жер салыгын төлөөдөн бошотулду

6 декабря 2021, 14:09

Садыр Жапаров дыйкан жана дыйкан чарбаларын жер салыгын төлөөдөн бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчы "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

“Бул иш, аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турат”, - деди Жапаров.

Ал ошондой эле келерки жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыялар бериле баштаарын белгиледи.

“Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз. Биздин негизги максатыбыз сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу. Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек”,- деп кошумчалады ал.

Садыр Жапаров бул үчүн жергиликтүү бийликтегилер - айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү жеке жооркерчиликти аларын баса белгиледи.