Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

5 мая 2021, 11:20

Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, ушул жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Конституцияга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле мамлекет башчы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Иш-чарага  мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чара саат 10: 00дө башталып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан түз эфирде көрсөтүлдү.