Акылбек Жапаровду минкаб башчылыгына президент сунуштаган

12 октября 2021, 15:53

Министрлер кабинетинин башчылыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлигин мен сунуштадым. Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров Instragram баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындай чечимдин негизги себеби казынаны толуктоо болгон.

"Эгерде казына толукталса, анда элдин жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк болот, пенсиялар, айлыктар көтөрүлөт, инфраструктура жана өлкөнүн жашоосунун башка чөйрөлөрү жакшырат. Ошондо гана биз күчтүү мамлекет боло алабыз", - деп жазган мамлекет башчы.

Садыр Жапаров кошумчалагандай, Акылбек Жапаров ушул жылды 280 миллиард сомдук бюджет менен жыйынтыктоону, 2022-жылы казынаны толуктоону 400 миллиард сомго жеткирүүнү убада кылган.

Ошондой эле, мамлекет башчысы министрлер кабинетинин жаңы төрагасын сындабоого жана ага убада кылганын ишке ашырууга убакыт берүүгө чакырды.