Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

14 октября 2021, 12:38

Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына видеоконференция аркылуу катышат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бир катар документтерди, алардын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжонууда.

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүүнүн экинчи этабына өтүү маселесин жана евразиялык интеграциянын күн тартибинде турган башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.