Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапар менен барат

13 сентября 2023, 11:10

Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбеге иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө",- деди Азымбакиев.