Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды

2 февраля 2024, 14:23

Президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик аппарат борбор калаадагы ЖЭБтин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча чукул тапшырмалар берилгенин билдирди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде Бишкек жылуулук борборунда авария болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, отказандардын бири жарылган.