«Кайыңды-Кант» заводу KICB банкынан 5 млн доллар насыя алат

15 декабря 2022, 16:44

“Кайыңды-Кант” ААК кант заводу активдеринин 10 жана андан ашык пайызын түзгөн бир жолку бүтүм жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

Тактап айтканда, компания 9-декабрда KICB менен 5 млн насыя алуу боюнча келишим түздү. 

Келишимдин шарттарына ылайык, акча “Кайыңды-Кант” кант заводуна 12 айга берилет. Насыянын үстөк пайызы көрсөтүлгөн эмес.