«Кайыңды-Кант» заводу 2 млн доллар өлчөмүндө насыя алды

13 октября 2021, 09:48

"Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому көлөмү ишкананын активдеринин 10 пайызына же андан көп болгон бүтүмдү жарыялады.

Муну менен "Кайыңды-Кант" заводу KICB банкынан ишкананы өнүктүрүү үчүн кредит алды. Насыянын суммасы 2 миллион долларды түздү.

Белгилей кетсек, кредиттик келишимдин шарттарына ылайык, бул каражаттар АКШ валютасында жылдык 8% менен тартылган. Каржылоо мөөнөтү 12 ай.