«Кошой» кант заводу 2022-жылга дивиденд төлөбөйт

28 апреля 2023, 13:27

Былтыркы жылы “Кошой” кант заводу 92 миллион 3 миң сом киреше алган. Акционерлер каражатты компаниянын карамагында калтырууну (бөлүштүрүлбөгөн пайда катары) жана дивиденддерди төлөбөөнү чечишти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Мындан тышкары, директорлор кеңешинин мүчөсү Олег Левонюктун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынды. Анын ордуна Нурзада Осмонова шайланды.

"Павел Немченкого компаниянын башкы директорунун ыйгарым укуктары берилди", - деп айтылат маалыматта.