Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдыктар үчүн 230 млн сом керек

21 августа 2020, 09:10

Саламаттык сактоо министрлиги курулуп жаткан, кайра профилдештирилген жана оңдолуп жаткан ооруканаларга медициналык жана медициналык эмес жабдыктардын бааларын эсептеп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Жыйынтыгында медициналык жабдыктар үчүн 230 млн сом, медициналык эмес жабдыктар үчүн 13 млн сом керектелерин билдирген. 

Эске сала кетсек, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы кайра профилдештирилген жугуштуу оорулар ооруканаларына медициналык жабдыктарды жана эмеректерди алуу жана каржылоо каражаты облустардын жергиликтүү бюджетинен каралат.