Саламаттык сактоо министрлиги 226 млн сомго тендер жарыялады
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине вакциналарды жана иммунобиологиялык препараттарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Тендерге 226 млн 989 миң 455 сом бөлүнөт. Бул сумманын ичине төмөнкү дары-дармектер сатылып алынат:
- Гриппке каршы эмдөө — 176.8 млн сом
- Пневмонияга каршы вакцина — 48.6 млн сом;
- энцефалит вирусуна каршы вакцина — 40 тысяч 960 сом;
- кене энцефалитине каршы адамдын иммуноглобулини— 1 млн 500.2 миң сом:
Бардык керектүү дарылар келишим түзүлгөндөн соң 30 күндөн кийин жеткирилиши керек.