Саламаттык сактоо мекемелеринин чыгашасы 3.1 млрд сомду түзгөн

6 апреля 2020, 13:45

2020-жылдын I кварталындагы саламаттык сактоо мекемелеринин чыгашасы 3 млрд 165 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги маалымдады.

Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо министрлигинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду приоритеттүү негизде каржыланып жатат.

«2019-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу, 2020-жылы каржылоо 13.8% жогорулаган», — деп жазылат маалыматта. 

2020-жылы финансы министрлиги тарабынан саламаттыкты сактоо министрлигинин мекемелерин каржылоо, 2019-жылга салыштырмалуу 29.4 млн сомго жогору болгон.