Казакстанда сулуулук салондор 41 млн $ киреше тапкан

10 декабря 2019, 10:53

2019-жылдын январь-октябрь айынын жыйынтыгы менен, казакстандыктар чач тарач ана сулуулук салондун кызматтары үчүн өткөн жылга салыштырмалуу, 6.3% көп акы төлөшкөн. Бул тууралуу kapital.kz басылмасы, energyprom билдирүүсүнө таянып, жазып чыкты. 

2018-жылдын жыйынтыгы менен сулуулук тармагындагы кызматтардын акысы 7.2 % өскөн. Буга чейин 2014-жылы аталган кызматтардын акысы 11.6% кымбаттап, эң жогорку көрсөткүчтү берген. 

Чач тарач жана сулуулук салондун жалпы кирешеси 2019-жылдагы үч кварталдын жыйынтыгы менен, болгону 16.2 млрд теңгени (41 млн $) түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу аз көрсөткүч. Себеби, 2018-ж. сулуулук дүйнөсү 20.8 млрд теңге (53 млн $) киреше тапкан.