2019-жылы 5 миң мам.кызматкер жана 157 саясатчы салык декларацияларын тапшырган эмес

22 января 2020, 11:03

Жогорку Кеңештин жыйынында, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү, 2019-жылы мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтын 5 миң 106 кызматкери жана 157 саясатчы Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаганын билдирди. 

«Алардын көпчүлүгү жергиликтүү кеңештин депутаттары жана кээ бирөөлөр чет өлкөдө окууда жүргөндүгүнө байланыштуу тапшырбай калгандар. Ал эми саясий кызматта отургандар боюнча ишти Башкы прокуратурага өткөрүп бергенбиз. Тартип бузуу боюнча кодекс бар болгондуктан, биз эч кандай айып пул сала албайбыз. Ошол себептен дароо башкы прокуратурага өткөрүп бердик», - деп билдирди Асылкулов. 

Андан сырткары, салык кызматында коррупцияга каршы салыкчы менен салык төлөөчүнүн ортосундагы түз байланыш жоюлуп, фискализация иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.