Салык кызматкери мамлекетке 6 млн сом зыян келтирген

23 сентября 2020, 13:30

21-сентябрда Финансы полициясы тарабынан Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери бюджетке 6 млн сом зыян келтирген деген айып менен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган салык кызматкери, мыйзамсыз бир нече патентти башка мамлекеттик кызматкерлер менен бирге берген. Жыйынтыгында бюджетке болжол менен 6 млн сом зыян келтирилген. 

 

«Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана бүгүн анын баш коргоо чарасын кароо үчүн, Биринчи май райондук сотуна жеткирилет», - деп жазылат билдирүүдө.