Салык кызматкери мамлекетке 52 млн сом зыян келтирген — УКМК

26 января 2023, 13:27

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери республикалык бюджетке 52 миллион 870 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкер учурда тергөө абагында сурак берүүдө. 

“Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери Н.С. жасалма документтер менен жеке жак катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөн. Андан кийин ал өзүнүн атынан ойдон чыгарылган чарбалык иштерди жүргүзгөн. Республикалык бюджетке келтирилген алдын ала зыян 52 миллион 870 миң сомду түзөт”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.  

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам издөө иштери жүрүүдө.