Салык кызматы: үч айда 41,8 млн маркалоо коду берилди

17 апреля 2024, 10:35

Быйыл үч айда "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоонун 41,8 млн коду берилген. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Анын ичинен тамеки продукциялары үчүн 32,3 млн код, алкоголдук продукциялар үчүн 8,2 млн код, текстиль продукциялары үчүн 404,6 миң код, бут кийим продукциялары үчүн 27,7 миң код жана парфюмерия продукциялары үчүн 1,8 миң код берилген. 

Маалыматтык система ишке киргизилгенден бери жалпы 780,9 млн маркалоо коду берилген.

Анын ичинде тамеки продукциялары үчүн 660,3 млн код, алкоголдук продукцияла үчүн 119,2 млн код, текстиль продукциялары үчүн 1,1 млн код, бут кийим продукциялары үчүн 80,2 миң код жана парфюмерия продукциялары үчүн 1,8 миң код берилген.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү маркалоо киргизилген, ал эми 2023-жылдын 1-январынан тартып пиво продукциясын маркалоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлүүдө.