Салык кызматы патент төлөөдө айрым кызматтарды жойду

13 января 2023, 12:47

Салык кызматы жалпы курулуш иштери, электр монтаждоо иштери, санитардык-техникалык иштер жана уюлдук байланышка бирдик жүктөө жана иттерди үйрөтүү боюнча кызматтарды жокко чыгарды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 
 
Мындан тышкары, тизме жеке эмгек ишмердигинин жаңы түрлөрү менен толукталды.
 

“I топтогу майыптыгы бар адамдар көрсөтүүчү дарылоочу укалоо кызматына, үйдөн иштеген тигүүчүлөрдүн, визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр боюнча адистердин, үйдөгү 100 чарчы метрге чейинки аянттагы жеке мончо кызматтары (аянтына жана жайгашкан жерине жараша), жер бетиндеги унаа кызматы, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштерине патент төлөө милдети киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.  
 

Мындан тышкары, иши патенттин негизинде кыскартууга дуушар болгон салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн башка режимин тандашы керек. Салыктарды бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) негизинде же жалпы салык режиминде төлөөгө болот. 
 
Эскерте кетсек,  2023-жылдын 1-январынан тартып патент милдеттүү түрдө электрондук түрдө таризделүүгө тийиш.