Салык кызматы Чүй облусунан акциздик маркасы жок 4500 таңгак тамеки тартып алды

7 апреля 2021, 11:15

Салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Токмок шаарында борбордук базарда өткөн пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу факталырын аныкташты.

 

Жыйынтыгында акциздик маркасы жок 4 миң 532 таңгак тамеки тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Белгий кетсек, контрафакттык тамекилерди аныктоо боюнча иштер үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө.