Салык кызматы жеке мүлктү видеокамера менен бир жыл текшербейт

7 декабря 2023, 14:28

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” өлкө мыйзамын ишке ашыруу механизмин тартипке келтирүүгө багытталган жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Мамлекеттик салык кызматына мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин жеке жактарга карата салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу тапшырылды. Мыйзамга ылайык түзүлгөн атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди пайдалануу же тескөө, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуу каралган. 

Экономика жана коммерция министрлигине Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамды колдонуунун тартиби боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 12 ай жүрөт.