«Салым Финанс» уставдык капиталын көбөйтүүнү пландаштырууда

9 марта 2022, 12:11

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында “Салым Финанс” Микрофинансылык компаниясы” ААК акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Күн тартибиндеги талкууга 16 маселе коюлган. Негизги пункттардын бири: жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүү, акциялардын жабык эмиссиясын жайгаштыруу эрежелерин бекитүү, ошондой эле коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү.

Мындан тышкары, быйылкы жылы эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү, директорлор кеңешинин мүчөсүн шайлоо жана маалымат тутумдарына аудит жүргүзүү үчүн тышкы аудиторду шайлоо пландаштырылууда.