Самат Курманкуловдун дарылануусуна канча каражат кеткен?

5 сентября 2019, 14:20

КР Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаев, Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна бюджеттен канча каражат кеткендиги тууралуу маалымат берди. 

“Москвага кеткенине 300 миң сом жана башка кызматтарга 800 миң сом кетти” – деп билдирет. 
М.Каратаевдин айтылган сумма так эмес экенин, дагы көбөйөөрүн тастыктады. 

Самат Курманкулов 7 август күнү кечинде мурунку президент А.Атамбаевди кармоо учурунда башынан оор жаракат алган. Буга чейин анын дарылануусуна мамлекеттик бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилээри айтылган.