«Манас» аэропортунун директору ордунда калды
Бүгүн, 25-апрелде “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын акционерлеринин жылдык жыйыны өттү. Анда Манасбек Самидинов башкармалыктын төрагасы болуп кайрадан шайланды.
Башкармалыктын мүчөлөрүнүн жаңы курамы төмөнкүдөй бекитилди:
- Манасбек Самидинов;
- Мирлан Кубаталиев;
- Адилет Малдыбаев;
- Алтынбек Мамбетов;
- Талгат Джапаров;
- Бакытбек Бекбача уулу;
- Аман Мамаев.