ЕАЭБдин борборлорундагы эң арзан майды Бишкектен сатып алса болот
Август айында Бишкекте майдын (сливочное масло) орточо баасы килограммына 4 доллардан белгиленген. Бул ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлорундагы эң төмөн баа, деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.
Нур-Султан менен Минскте майдын орточо баасы 7,4 долларды түздү. Москвада эң жогорку баа - 12,3 доллар.
Бирок уй этинин бир килограммы Минскте эң арзан - килограммы 4,2 доллар. Кийинки орунда Бишкек жана Нур-Султан турат - 5,6 доллар, Москвада уйдун эти орточо эсеп менен 6,5 доллар турат.