Калктын эң жогорку реалдуу кирешеси Ош облусунда аныкталды

12 декабря 2022, 11:12

Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 272,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда реалдуу кирешелер 4,3 %га өскөн.

Реалдуу кирешенин экинчи эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунун тургундарында (51 миллиард 659,9 миллион сом), үчүнчү орунда бишкектик (50 миллиард 577 миллион сом) тургундар алары белгилүү болду. 

Ошол эле учурда Ысык-Көл облусу жыл ичинде эң чоң динамикага ээ болуп, калктын кирешеси 26,1%га (22 млрд 698,2 млн сом), Талас облусу +11,9%га (10 млрд 132,5 млн сом) өскөн.