Нарын облусунда эң арзан баадагы көмүр сатылат
Социалдык объектилерди көмүр менен камсыз кылуу боюнча кыргызстанда 587 база бар деген маалымат буга чейин чыгарылган. Эң арзан баадагы көмүр, т.а. тоннасына 1.8 с. – 3.8 с. Чейинки баа Нарын облусунда катталган. Бул маалыматты КР Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Көмүрдүн облустарда коюлган баасы төмөндөгүчө:
• Чүй обл. – 4.5 миң сом;
• Талас обл. – 4.2 миң сом;
• Ысык-Көл обл.– 5.6 миң сом;
• Жалал-Абад обл. – 6.5 миң сом;
• Ош обл. – 7 миң сом;
• Баткен обл. – 5 миң сом.
Бишкекте максималдуу баа 3.9 миң сомду, Ош шаарында – 6.8 миң сомду түзөт.