Кыргызстан санариптештирүү боюнча секирик жасоодо

19 ноября 2019, 09:23

2019-жыл Кыргызстанда санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Бирок, көпчүлүгү бул эмне экенин деле түшүнө беришпейт. Санариптештирүү – бул бизнестин өзгөртүлгөн түрү, санариптин негизинде өлкөнү башкаруу. 

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү санариптештирүүнүн абалы кандай? Ушул суроого жооп алуу максатында «Акчабар» КР премьер-министринин коомдук кеңешчиси Эдуард Турдалиев жана МСК төрагасынын орун басары Улукбек Самыйбеков менен маек курду.