Санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга 519 миң сом айып пул салынган

11 сентября 2020, 15:45

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 1-июндан 10-сентябрга чейин 3 981 коомдук тарнспорт текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга 284 протокол толтурулуп, 519 миң сом айып пул салынган. 

«Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Патрулдук милициянын кызматкерлери рейдке чогуу чыгып жатышат. Алар коомдук транспортто санитайзерлердин бар-жогун карап, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө», - деп жазылат маалыматта.