Бишкекте санитардык талапты аткарбаган ишкердик объектилерге 1,5 млн сомдон ашуун айып салынды
2020-жылдын 14-майынан 9-июнуна чейин коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык, 6425 ишкердик объекти текшерилип, 1 558 500 сом айып салынып, мыйзам бузуу боюнча 692 протокол түзүлдү.
Рейддик иш-чаралар төмөнкү объекттерде жүргүзүлдү:
- «Ош базары» соода-базар комплекси
- «Баткен Комфорт «Уста»
- «Комфорт KG»
- «Элит Строй»
- «Азия Mall» соода борбору
- «Дордой-Дыйкан» базары
- «Дордой Моторс» базары
- «Вефа» соода борбору
- «Азиз» базары
- «Мигросс» супермаркети
- «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы
- «Фрунзе» гипермаркети
- «Бета Сторес» соода-оюн зоок борбору
- «Гоин» соода борбору
- «Бишкек Парк» соода-оюн зоок борбору
- «ГУМ «Чынар» соода-оюн зоок борбору
- «Берекет» соода үйү
- Соода үйү
- «Кудайберген» базары
Кафелер:
«Огни Баку», «Кореан Хаус», ОсОО «Империя пиццы», «Тюбетейка», «Live Bar», «Восточка», «Улуу Тоо», «Асгард», «Тайм-аут», «Жираф», «Ожак кебаб», «Бухара Ассорти».
- «Бигсер спорт» соода комплекси
- «Роскерамика» соода комплекси
Ошондой эле, санитардык эрежелерди жана ченемдерди бузуп, өз алдынча секция ачып алганы үчүн № 24 мектеп-гимназиясы текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлдү.