КРда сапатсыз жана контрафакттуу азыктар утилизацияланат

3 марта 2020, 15:20

Кыргызстанда контрафакттуу жана сапатсыз азыктар утилизацияланат. Бул тууралуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү Кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 18-февралында кооптуу жана сапатсыз азык-түлүктөрүн алуу, кайтаруу жана утилизациялоо тууралуу жоболору бекитилген өкмөттүн №93-токтому кабыл алынган.

 

«Маселе ар кандай бизнес-ассоциациялары тарабынан бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү Кеңешинде көп жолу айтылган. Ишкерлер Кыргызстанга сертификациядан өтпөгөн, мөөнөтүнөн өткөн жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан азык-түлүктөр келип жаткандыгын билдирген. Аталган факт калктын ден-соолугуна коркунуч туудурбастан, ата-мекендик өндүрүүчүлөрү менен адилеттүү жөнөтүүчүлөрдүн атаандаштыгы үчүн дагы начар шарттарды түзүүдө»,-деп билдиришти Кеңеште.

 

 Дыкат көзөмөлдүн жоктугунан, сапатсыз продукциянын сатыкка чыгуусу уланып, ал жөнөтүүчүлөрдүн сактоочу жайларында тура берген.