Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

27 ноября 2020, 17:39

Мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматта Сарпашев мамлекеттик кызматтагы жетекчи кызматтарды ээлеп жүрүп, көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөгөндүгү айтылат. 

Сотко чейинки өндүрүш үчүн мурунку чиновник эми суракка чакырылат.