Сасык тумоого каршы 90 миң дозадан ашык вакцина сатылып алынды

18 сентября 2023, 14:30

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 90 миң дозадан ашык вакцина сатып алды.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда дарылар бардык аймактарга бөлүштүрүлүп, жөнөтүлүүдө.

Вакцина алуу акысыз. Биринчи кезекте медицина кызматкерлери, тез-тез ооруган балдар, өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан жогорку жарандар жана кош бойлуу аялдар эмделет.