Саудия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 26 мектеп салып жатат
Саудиялык өнүктүрүү Фондунун каражаттарына 26 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин расмий сайтында айтылат.
Бир объект боюнча курулуш-монтаждоо иштерине кайра тендер өткөрүү каралып жаткандыгы айтылууда.
Торуктар боюнча баардык сынактык процедуралар Фонд тарабынан колдоого алынып, таза өткөрүлдү. Ошондой эле баардык долбоорлук-сметалык документтер иштелип чыгып, тастыкталып, мамлекеттик экспертизадан өткөрүлгөн, ал эми курулуш-монтаждоо иштери мөөнөтү менен жүрүп жатат.