Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда турак жай курууга 100 млн доллар бөлөт

25 апреля 2023, 13:51

Кыргызстандын министрлер кабинети менен Сауд өнүктүрүү фонду “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюшту. Кредиттик келишимдин суммасы 100 миллион долларга бааланган.

Макулдашууга Каржы министри Алмаз Бакетаев менен Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад кол коюшту.

“Каражат “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында көп кабаттуу социалдык турак жайларды курууга жумшалат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, турак жай программасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген. Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп чыккан долбоору өткөн Араб координациялык тобуна жылдын август айында сунушталган.

Долбоор жарым жыл каралып, андан соң Сауд өнүктүрүү фонду жактырды.

Келишимдерге ылайык, арзан турак жайларды куруу Бишкек шаарында башталып, өлкөнүн бардык аймактарында улантылат.