Сауле Какимова «Оптима Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болду

28 марта 2024, 10:30

Улуттук банк эки банктагы кызматка талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Тактап айтканда, Сауле Какимова "Оптима Банк" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп бекитилди, Данил Бутов "Кыргызкоммерцбанк" ААКнын башкармалыгынын мүчөсү - башкаруучу директору болду.

Мындай чечимдер 2024-жылдын 26-мартынан тартып күчүнө кирди.