Facebook'тун үзгүлтүккө учурашы Telegram колдонуучуларынын санын 70 млн адамга көбөйттү

6 октября 2021, 13:30

Бир күндүн ичинде Telegram мессенжери Facebook'тун иштебей калышынан улам 70 миллион колдонуучуну кабыл алды. Бул тууралуу Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн блогунда жазды.

Анын айтымында, Түндүк жана Түштүк Америкада колдонуучулар социалдык тармактардын ылдамдыгынын төмөндүгүн сезишкен, ошондуктан массалык түрдө Telegramга которулган.