Таласта 841,3 миң сомго мыйзам бузуу аныкталды

1 июля 2021, 10:00

Таластын Манас районунда 841,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Талас облусунун Манас районунун бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча аудиттин жыйынтыгында, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин чыгымдар сметасынын аткарууда 841,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эмгек акы негизсиз төлөнүп, курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмү ашыра бааланган. Ошондой эле резервздер жана бюджеттик жоготуулар да болгон.

Аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди боюнча мыйзамга ылайык чара көрүлөт.