Бүгүн «Ак-Жол» өткөрмө бекети убактылуу жабылат

1 сентября 2022, 11:00

Чек ара кызматы бүгүн, 1-сентябрда саат 15.00дөн 18.00гө чейин “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотуларын билдирди.

Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун техникалык базасы жаңыланып жатканына байланыштуу иш убактылуу токтотула турганы айтылды.

“Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз”, - деп билдирди Чек ара кызматы.