ЕАЭБдин айыл чарбасы өндүрүштү бир жылда 0,6% га гана көбөйттү
2021 -жылдын январь-июнунда ЕАЭБде бардык категориядагы дыйкан чарбаларында айыл чарба өндүрүшү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 0,6% га өстү. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан белгилүү болду.
2021-жылдын биринчи жарымында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү Арменияда - 6,4%га, Казакстанда - 3,2%га, Кыргызстанда - 1,3%га жана Орусияда - 0,2%га байкалган.
Беларуссияда өндүрүш 0,3%га төмөндөгөн.