Аксыдагы селден курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүлдү

16 июля 2021, 10:17

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы селден улам каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардамдар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.

Ал президенттин атынан алты адам каза болгон үй-бүлөгө бир миллион сом, эки үй-бүлөгө 100 миң сомдон берди. Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысынын резервдик фондунан алты адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, жабыркагандар бар эки үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон бөлүнгөн.