Баткен окуясында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон кенемте төлөнөт

7 мая 2021, 11:30

Баткен окуясында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарында билдирди.

Өз кезегинде, жабыркагандар 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте алышат.

Мындан тышкары мамлекет башчы укук коргоо органдарынын жана чек арачылардын эмгек акысын көтөрүү боюнча иштер жасала турганын айтты.