Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк салыктарын төлөө керек

4 августа 2020, 16:46

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарылдыгын эскертет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

«Жарандар салык органына барбастан өзү үчүн ыңгайлуу төлөө ыкмасын тандап ала алышат. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот», - деп жазылат маалыматта.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.