«Бакай Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы иштен кетти

2 апреля 2024, 12:06

"Бакай Банк" ААКнын Директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Банктын директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ибрагимов өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетти. Ал эми директорлор кеңешинин мүчөсү Айнура Абдукаримова ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматтан кетти.

“Бакай Банктын” директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бош кызмат орундарына жаңы мөөнөткө Бакита Мундузбаева менен Мунара Мырзабаева кайра шайланды. Лада Орозбаева 28-марттагы акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун чечими менен “Бакай Банктын” директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүнүн бош кызмат ордуна шайланды.