Электрондук ден соолук борборунун серверлери 33 млн сомго бааланат

18 ноября 2021, 15:24

Саламаттык сактоо министрлиги сервердик жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Тендердик табыштаманын баасы 42 млн 792,3 миң сомду түзөт. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.

Бул суммага эки лот кирет - сервердик жабдыктар:

1. Электрондук ден соолук борбору – 33 млн 852,1 миң сом.
2. Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна — 8 миллион 940,2 миң сом.

Биринчи лотто электрондук саламаттык сактоо жабдыктарына үч сервер, сервердик шкаф, үзгүлтүксүз электр энергиясы, коммутатор жана кондиционер системасы кирет.

Тендердин шарты боюнча техникалар ушул жылдын аягына чейин жеткирилиши керек.