Сеулда «I am Nomad» аттуу кыргыз-корей бизнес форуму өтөт

5 мая 2023, 09:40

Бүгүн Сеулда 300 адамдын катышуусунда “I am Nomad” кыргыз-корей бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фонддун вице-президенти Кайрат Итибаевдин айтымында, форум Кыргызстан менен Кореянын тарыхында алгач ирет болууда. 

“Бул Кореядан биздин өлкөгө туристтердин агымын көбөйтүүгө стимул берет деп ишенебиз. Анткени, бул биздин максаттуу рынокторубуздун бири. Балким, кореялык инвесторлор да биздин өлкөдөгү туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорубузга кызыгышат”, - деди ал.