Сеулдан Кыргызстанга гуманитардык жүк келди

3 сентября 2020, 09:30

Сеулдан Бишкекке КР жарандары кайтып келишти, ошондой эле гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. 



2-сентябрда «Манас» эл аралык аэропортунда Сеул-Бишкек каттамы боюнча «T-way» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен 123 КР жараны учуп келди.

 Бул каттам менен ошондой эле Түштүк Кореянын уюмдары тарабынан COVID-19га каршы күрөшүү боюнча жардамдын алкагында, медициналык беткаптардан жана контактсыз термометрлерден турган гуманитардык жүк жеткирилди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү боюнча  Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмаларын аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер улантылууда.