«Северэлектро» ААК заманбап реклоузерлерди Бишкектин конуштарына орнотууда

7 декабря 2019, 12:15

4-декабрда, «Северэлектро» ААКнын Батыш райондук электр тармактарынын электр куроочулары «Кыргызская» көмөкчордонунан тартылган, 5 чакырым узундуктагы 10 кВ аба чубалгысына үч даана реклоузер орнотушту. Аталган чубалгы Киргизия-1 жана Ынтымак конушун электр энергия менен камсыздайт. Бул барчаны тандагалганынын себеби бар, бул фидерде авариялык өчүрүүлөр көп болгондуктан, абоненттер көп нааразычылыгын билдирип келишкен.

Эми, реклоузердин жардамы менен аба чубалгы участокторго бөлүнөт жана чубалгынын бузулган жери гана электр энергиясыз калат, башкача айтканда фидердин бузулбаган бөлүгү аралыктан башкаруу системасын негизинде калыбына келтирилет. Ал эми аба электр чубалгыларынын тартылуу узундуктары кыска  болбогондуктан, мындай чектөөнүн жардамы менен бузулган жерди табуу да бир кыйла жеңилдейт.

Бүгүнкү аткарылган жумуштар эртен дагы Арча-Бешик конушунда улантылат. Мында иш-чара авариялык өчүрүүлөрдү төмөндөтүүгө жана мүчүлүштүктөрдү оперативдүү жоюга жардам берет.

Маалымат үчүн: 

Реклоузер - электр чубалгыларынын автоматташтырылган секциялаштыруунун интеллектуалдык пункту.  Кыргыз тилине которгондо “реклоузер” - “которгуч” дегенди түшүндүрөт. Реклоузерлер

  • жыйнак болот жана аба чубалгынын тирөөчүнө орнотулат, ага фундаментти же тосмолорду коюнун кажети жок;
  • тейлөөнү талап кылбаган жабдуулардын классына кирет, бакшача айтканда адамдын катышуусуз жылдап иштей берет, бул алыскы жана жетиши кыйын болгон райондорго өзгөчө маанилүү;
  • коргоо функциясын гана аткарбастан, “түпкү интеллектке” ээ - авария катталгандан кийин реклоузер бир нече жолу өз алдынча электр камсыздоону калыбына келтиргенге аракет жасайт, тыянак чыкпагандан кийин гана диспетчерге билдирме жөнөтөт.