“Түндүкэлектр” 4 миңге жакын абонентти акча төлөбөгөндүгү үчүн өчүрөт

26 октября 2021, 13:24

Бишкекте 27-октябрдан тарта “Түндүкэлектр” ишканасы электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-ченөө системасы дебитордук карызы боюнча 3700 абонентти дистанциондук түрдө өчүрөт. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын абоненттеринин жалпы дебитордук карызы 5,7 миллион сомдон ашык.