«Түндүкэлектр» ишканасы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» менен бириктирилди

2 августа 2022, 10:17

“Түндүкэлектр” ишканасы “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” компаниясына кошулду. Мындай чечим “Түндүкэлектр” ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынганы маалым болду.

Мындан тышкары, директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду.

Тактап айтканда, “Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү Кубаныч Беков, Кадырбек Кошбай уулу жана Бахтияр Бообековдун ыйгарым укуктары токтотулду.

Ошондой эле, Айжамал Орозалиева, Уларбек Дүйшөө уулу жана Маратбек Сейитказиев “Түндүкэлектр” ААКнын текшерүү комиссиясынын курамынан бошотулду.